Таш-Көмүр шаарындагы Шамалдуу-Сай базарында мөмө жемиш саткан аял, чогуу иштеген аялды бычактап салганы белгилүү болду. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктап, кылмышка шектүү аял кармалгандыгын билдирди.
Окуя, 11-август күнү, болжолдуу саат 13:00дө катталган. Ушул учурда Таш-Көмүр РИИБине “Шамалдуу-Сай” шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уктоочу бөлмөдө каза болгон аял 1978-жылы туулган Н.Г. киши колдуу болгондугу аныкталган. Маркум жалгыз бой аял, 2 баласын базарда мөмө жемиш сатып багып келген.
Бул факт боюнча Таш-Көмүр ШИИБи Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургуну 1983-ж.т. П.Т. (аял киши) кармалган. Ал кылмыш болгон жерден жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы Таш-Көмүр шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айрым маалымат булактар, кылмышка шектүү аял да базарда мөмө жемиш сатып иштээрин, 5 баласы бар жалгыз бой аял экендигин жазууда.
Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.