УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту.
Кубанычбек кызы Кымбаттын айтуусу боюнча ал 1996-жылы туулган. Жети жашына чейин апасынын колунда атасыз чоңойгон. Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казакстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөөгө асырап алганга таштап кеткен. Ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар-кыздар менен чогу тарбияланган. 2011-2023-жылдары Казакстанда ар түрдүү жумуштарда иштеп келген. Чогу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Жолдошунун кургак учук оорусунун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен. Августтун башында жолдошу каза болгон. Азыркы учурда Киев жана Үметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Өз кезегинде Камчыбек Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылып, материалдык жардам көрсөттү.