7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолду декабрь айына бүтүрүүнү тапшырды

383

11-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулушу менен таанышты.

Ал узундугу 3,5 чакырым жолдун курулуш иштеринин солгундап жатканын сындап, тийиштүү жетекчилерден ыкчам кыймылдап, жумуштун жүрүшүн тездетүүнү талап кылды.

Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак жайлардын ээлерине мыйзам чегинде компенсация төлөп берүүнү жана түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүгө тапшырма берди. Эгер жолдун курулуш иштери ушул жылдын декабрь айларында бүткөрүлбөсө тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.

“Бүгүн 12-ноябрь болду, дагы деле жүрөсүңөр. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Кыш түшкөндө кыласыңарбы? Бир жумада жолду бүтүрбөсөңөр кар түшөт, асфальт төшөгөнгө мүмкүн болбой калат. Текшерттирип, айттырбай эле өзүңөрдүн жумушуңарды жасай бербейсиңерби”, — деди Ташиев.

Ал эми, Транспорт министрлигинин өкүлү коюлган мөөнөткө жумуштар аткарыларын билдирсе, президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып, уюштуруу иштерин тездетүү милдетин алды.

384