7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Оштогу операцияны УКМК ИИМ менен чогуу даярдады, пикир келишпестик жок

259

Ош шаарындагы УКМКнын имаратында аталган комитеттин тергөөчүсүн кармоо операциясы ИИМ жана Башкы прокуратура менен биргеликте даярдалган. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин облус башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Ташиев УКМК кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, ИИМ жана атайын кызматтын биргелешкен даярдыгы менен ишке ашканын айтты. Ал жарандардын биринен УКМКнын тергөөчүсү ири суммада акча талап кылып жатат деген арыз жеке өзүнө келип түшкөнүн, арызды Башкы прокуратурага бергенин белгиледи.

«Биз Башкы прокуратура жана ИИМ менен биргеликте жыйын өткөрүп, андан кийин пара талап кылган делген кызматкер кармалды. Айрым аткаминерлер жана ЖМКлар бул окуя боюнча жалган маалымат таратышты. Министрлердин деңгээлиндеги кайсы аткаминер биздин арабызда келишпестиктер болуп жатат деп айтып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Келишпестиктер жок, болбойт дагы. Бардык операциялар президенттин тыкыр көзөмөлүндө өтүп жатат. Абайлагыла, бардык мамлекеттик органдар жана кызматкерлер маалыматтарды берип жатканда көзөмөлдө болушат», — деген Ташиев.

Ал жалган маалымат бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептей турганын кошумчалап, журналисттерди расмий маалыматтарга гана таянууга чакырды.

Кечээ Ош шаарындагы УКМКнын имаратында аталган комитеттин тергөөчүсүн 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен Башкы прокуратура кармагандыгы маалымдалган болчу. Интернет колдонуучулары атайын кызмат, ИИМ жана Башкы прокуратуранын ортосунда келишпестиктер бар, бири-биринин кызматкерлерин кармоо ошондон улам болуп жатат деген божомолдорун жазып жатышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

260