7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Ташиев: Тажик тарап дооматтардан баш тартпаса, аларга тарыхый документтердин негизинде доо коебуз!

142

“Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз. Күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет”. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой өткөн жылы 15-16-сентябрда Баткенде каргашалуу окуя болгон. Бир жыл болуп клды. Биздин аскер кызматкерлер, жай тургундар каза болушкан. Булардын бардыгы мамлекетибиздеги чечилбей жаткан чек аранын кесепетинен болгон. Биздин коңшу мамлекетибиз бизге кол салган. Ачыгын эле айтып коюш керек, мен мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо комиссиянын төрагасы болом. Ушуга чейин коңшулар менен маселени тынч чечели деп аракет кылып келгенбиз. Дагы аракет кылабыз. Биздин өлкөгө өткөн жылы агрессия болгондугу бул — анык жана чын. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Тажикстан бизге чек ара боюнча дооматтарды коюп келишкен. Биз ал аймактык дооматтарга жооп берип келгенбиз. Жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин өлкөнүн көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Ошону тактап бере алабыз. Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз. Күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Өзүбүздүн башка өлкөгө өтүп кеткен мурдагы жерлерибизди кайтарып алганы толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргызстан президентибиз баш болуп чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкени багыт алып отурабыз», — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

143