Жалал-Абад облустун аймагында 252 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен өкүнүчтүүсү 7 жаран каза тапкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоонун алдын алуу максатында бакшармалык тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, район, шаардык бөлүмдөр тарабынан чарбалык объектилерде, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери жана ис газына ууланып калуудан сак болуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүүдө.