7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Толик кыргызды кабыл алып, ага ак калпак кийгизди

963

Бүгүн  17-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев интернет тармактарындагы блогер Разгоняев Анатолий Валерьевичти кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалаарын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айтты. Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болоорун кошумчалады.

          Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.

Эскерте кетсек Разгоняев А.В tolik_kyrgyz1 аталышындагы тик-ток тиркемесинде кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

964