7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Өзгөн айланма жолунун курулуш иштери менен таанышты

441

Бүгүн, 19-сентябрда КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү айланма жолдун курулуш иштерин көрүп чыкты. Куруучу компаниянын жетекчилерине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жолдун сапатына көнүл бурууга жана белгиленген мөөнөттө буткөрүүнү тапшырып, жолдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Айланма жол ноябрь айында элдин пайдалануусуна өткөрүлөөрү маалымдалды. Учурда жол куруу иштери 90 пайызга аткарылган. 14 чакырымга созулган трасса төрт тилкелүү жол болуп, Эл аралык стандарттарга жооп берет. Мында Кара-Дарыя жана Жазы дарыя көпүрөлөрү жайгашат. Кара-Дарыя көпүрөсүнун узундугу 200 метр,туурасы 24 метр болуп, унаалар үчүн төрт паласалуу жол болот. Ал эми Жазы дарыясындагы өтмөктүн узундугу 96 метрди түзөт.

Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, көйгөйлөрун угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Өзгөн шаарын айланып өткөн жол мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен курулуп жатат. Долбоор 2,6 миллиард сомго бааланган. Айланма жолдун курулушу Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө. Жолду пайдалануу акылуу болоору буга чейин маалымдалган.

442