7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулду

301

Бүгүн УКМК Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык турак-жайды пайдаланууга тапшырды.

Бул турак жай 4 үй-бүлөгө ылайыкташкан жана жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Үй тапшыруу аземине УКМКнын ардагердери, жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ташиевдин айтымында, кийинки жылы президент Садыр Жапаровдун талаптарына ылайык, УКМКнын бардык кызматкерлерине үйлөр берилет жана бир дагы УКМК кызматкери үйсүз калбайт.

«Бирок, ошол эле учурда атайын кызматка коюлган талаптар да күчөтүлөт. Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте мыйзамдуулук жана мамлекетке берилгендик менен кызмат кылышыбыз зарыл. Элибиз тынчтыкта жана коопсуздукта жашоосу керек» ,- деп белгиледи ал.

Ардагерлер тарабынан Камчыбек Ташиевге өлкө башчысы тарабынан ыйгарылган генерал-полковник жогорку аскердик чини менен куттуктоо ирээтинде белек берилди.

 

 

 

 

302