«Ынтымак Ордого» КР Баатыры, мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун портрети илинди. Иш-чарага Апас Жумагулов, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин президенттин администрациясынын имаратынын коридоруна орнотуу үчүн президенттин иш башкармасына каражат бөлгөн.
Бул иштер өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында аткарылды.