7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебине барды (ФОТО)

337

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин абалы менен таанышты.

Бул мекеменин имараты 1906-жылы курулуп, учурда абалы толугу менен пайдаланууга жараксыз болуп калган. Эски имарат эбак эле авариялык абалга келген. Бирок, ушул мезгилге чейин эч бир мамлекеттик орган тарабынан көңүл бурулган эмес жана оңдоп-түзөлгөн эмес. Кайрылуулары жоопсуз калып келген. Жатак-мектептеги 30 бала мурдагы жылдан тартып башка жерге убактылуу көчүрүлгөн. Бирок ал жерде дагы жатакана жок болгондуктан, башка жатаканаларда жатып, сабак окуп жүрүшөт. Андыктан, көркөм-сүрөт жатак-мектеби жаңы имаратка муктаж.

Ташиев жеринде бардык абалды көрүп чыгып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ага ылайык, жатак-мектептин бардык эски имараттары бузулуп, ордуна 100 орундуу заманбап шарттарды камтыган Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби курулат. Мекемеде көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, аталган мекемеде жатып, билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Камчыбек Ташиев курулуш иштери жакын арада башталып, келээрки жылдын аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керек экенин тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди. Бул объектини куруу иши өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып баштаганын жана курулушту көзөмөлдөө жагын өзү колго алаарын белгиледи.

 

 

 

338