УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 25-октябрында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин абалы менен таанышып чыккан.
1906-жылы курулган эски имараттын пайдаланууга жараксыз болуп, кейиштүү абалда калганын көрүп, тез арада бул жерге жаңы, заманбап имарат куруу зарылдыгын белгилеген.
Арадан толук 2 ай өтүп, бүгүн, 26-декабрда Камчыбек Ташиев жаңы көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды. Учурда бул жерде эски имараттардын баары бузулуп, 3 кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан бардык шарттар менен камсыздалган имараттар курулуп башталды:
«Бул жердеги мурдагы эски имаратты көргөн сайын менин зээним кейип жүрөт элем. Качан, ким ушуну жаңылап куруп берет экен, ким ушул эски каралбай калган жерге көңүл бурат экен деп 10-15 жылдан бери ойлонуп жүргөнмүн. Кудай буюруп, бул жаңылоо ишин мынтип өзүбуз жасап калдык. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз берген тапшырмасына ылайык, мынтип эми жаңы имараттын курулушун баштадык. Буюрса, келээрки жылы курулушун аяктап, тапшырабыз. Август айынын акырына барып ачууга аракет кылабыз…» — деди Ташиев.
Мекемеде, көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, жатып билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектеби өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө курулууда. Учурда бул мекемеде билим алып жаткан 30 бала убактылуу Жалал-Абад шаарындагы башка мекемеге жайгаштырылган.