Бел чечсе да чекти ачпаган, кайратынан кайтса да, айбатынан жазбаган ТОКСОБА ТӨРӨ (ырдап сүйлөгөн Жарыктык) айтаман туу бээни батага жыктырып, тизесин куш чеңгелдеп Нарк айтып отурду:
– Илбирстин изи да кар үстүнөн кетпеген,
Ителги, бүркүтү да учуп жетпеген,
Аска – зоолордо ата бабабыздын каны тамган,
Улуу тоолордо улуттун жаны калган,
көктү карап улуган көкжал менен ырыскылаш кылган,
Теңиримдин теңдешсиз белеги үчүн Айкөлдүн урпактары… жанкечти болгула!!!
Сыябандын төрүнө нур чачырап турду. Кеп далайга уланды.
Эрезеге жеткирип баккан баласы, касиет даарып калкына жаккан баласы, кадимки КЫДЫР АКЕГЕ, Орус падышачылыгынын үч жүз жылдык маарекесине чакыруу келип, жобурашып барат деп, жолдош ээрчитпей, жондон кармап кызыл таргыл ЖОЛБОРС жетелеп барган экен.
Таалимдин, Таасилдин, Тарбиянын демин караңыз!! Эмне деген сүр!!! Айбат!!!
Посмотреть эту публикацию в Instagram