7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин туугандарынын атын жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды

453

Жогорку кызматтагы адамдардын жана алардын жакын туугандарынын атын колдонуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.

Ж.И.Р. аттуу жаран, ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткан.

Буга байланыштуу УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган жаран Камчыбек Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды.

Мындан улам, ал №1 тергөө абагына кармалып, камакка алынды. Учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.

 

454