Бишкектеги ТЭЦ-2 жаңы конушунда автобус менен Mercedes-Benz унаасы кагышып, соцтармактарга видеолор тарады.
Кырсык бүгүн Барпы Алыкулов менен Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 8 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын бешөө автобустун, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүлөрү экендиги айтылды.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.