7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте Абай Кунанбаевдин 180 жылдыгы белгиленүүдө

381

Бүгүн Ташкенттеги Борбор Азия эл аралык институтунда казактын улуу акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин туулгандыгынын 180 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Форум Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, «Абай Кунанбаевдин руханий мурасы – Борбор Азия элдеринин маданий жакындашуусунун булагы» деген аталышта өттү.

Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, илим жана маданият тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка эл аралык уюмдардан келген изилдөөчүлөр, жазуучулар, котормочулар жана маданий ишмерлер катышты.

Форумга Өзбекстандагы казак, кыргыз, тажик, түркмөн, азербайжан, беларус, орус, татар жана башкыр маданий борборлорунун өкүлдөрү да кошулду.

382