7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкентте өткөн Азия кубогунда кыргызстандык спортчулар 25 медаль жеңди

594

Кыргызстандын мас-рестлинг боюнча улуттук курама командасы 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия кубогунда 25 медаль (9 алтын, 10 күмүш, 6 коло) жеңди. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 50 салмак даражасында Асема Маликова, 55 кг салмак менен Шахзода Юнусова, 60 кг салмак категориясында Байтур Абжалбеков жана 100 кг салмак даражасында Владимир Рыбаков, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Чолпонай Жапаркулов 1-орунду ээледи.

Күмүш медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 45 кг салмакта Жыргал Бактыбаев,50 кг салмакта Асема Маликова, 55 кг салмак даражасында Афтандил Эгембердиев жана Дарья Ибрахимова, 60 кг салмак категориясында Ажар Сматова жана Максим Хивренко, 65 кг Элнура Тагайбекова жана Самат Байызбеков экинчи орунду ээледи.

Коло медалдын ээлери: 50 кг салмак даражасында Садыр Баатыров, 55 кг салмак категориясында Дарья Ибрахимова жана Афтандил Эгембердиев, 60 кг салмакта Максим Хивренко жана Самат Байызбеков, 65 кг салмак даражасында Айбек Наралыев үчүнчү орунду ээледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595