7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод жыл аягында ишке берилет

320

Бишкекте таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводду 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү жана ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Учурда административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы куюлуп, бетон иштери 4-кабатка жетти.

«Таштанды жана жабдууларды ташууга ыңгайлаштырып, унаа жол курулууда. Учурда 1000 метрден ашык жол төшөлгөн. Курулуш аянтына 35 миң куб метр шагыл керектелди. Мындан тышкары, Кытайдан келген 230 жумушчу үчүн убактылуу жатакана курулган. Курулуш иштерин декабрь айында бүткөрүү жана ишке киргизүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзүп, инвестициянын көлөмү 95 миллион доллардын тегерегинде. Ал 1000 тонна таштандыны иштеп чыгарып, электр энергиясын өндүрөт. Суткасына 460 мВт, жылына 180 миң мВт өндүрүү пландаштырылууда. Келечекте ишкананын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.

321