7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

300 миң сомду түзгөн англо-араб жылкысы уурдалып, союлган

631

Казакстандын Караганда облусунда 1,5 миллион теңге турган таза кандуу англо-араб жылкысы уурдалып, союлган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

«Агадыр айылында таза кандуу жылкы уурдалган. Милицияга 30 жаштагы үй ээси кайрылып, жылкыны чабыш үчүн атайын сатып алганын жана аны эл аралык мелдештерге даярдап жатканын айткан. Аргымак үйдүн жанындагы сарайда багылчу. Аны ошол жерден уурдап кетишкен. Келтирилген зыяндын суммасы 1,5 миллион теңгени ( 291 226 сом) түзгөн» — деп айтылат маалыматта.

Милиция мындан улам посттордогу кызматын күчөткөн. Жыйынтыгында жолдон өтүп бара жаткан унааларды текшерүү учурунда кылмышка шектүүлөр аныкталган.

Кармалган 23 жана 54 жаштагы эки жаран уурдалган жылкыны союшканын айтып, күнөөсүн мойнуна алышкан. Алар 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери облуста 644 баш мал уурдалып, анын ичинен 547 баш мал ээлерине кайтарылган.

632