7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тазабек Икрамов: «Сөз эркиндигине басым жасалып жатат»

579

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов жалпыга маалымдоо каражаттарына бийлик тараптан басым жасалып, мыйзамга каршы иштер жасалып жатканын айтты.

“Конституциянын 10-беренесинде так жазылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. КР маалыматтык коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот деп айтылат. Бул беренени айтаканымдын себеби, Алмасбек Абытов, туура иш алып барыңыздар дегендик.
Бүгүнкү күндө кармалган Атай (Бейшенбек), Эрлан (Бекчороев) деген жигиттерибиз өз ой-пикирлерин айтканга укуктуу деп Конституцияда жазылып турат. Бийликке коркунуч келтирбеген нерсе үчүн 2 айга камоо туура эмес. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайттарга, көптөгөн журналистика тараптарга басым болуп жатат Конституция менен иштебей жатабыз. Бул маселе боюнча бир туура чечимге келесиздер деп ишенем”, –деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580