7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө боз үй формасында салынган мечит эл кызматына берилди

524

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңы “Желденбай уулу Жылдызбек” атындагы мечит салтанаттуу түрдө ачылып, эл кызматына берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Талантбек Акылбек уулу баштаган Жети-Өгүз райондук хатибиятынын жамааты катышты. Райондук баш имам-хатиб өз куттуктоосунда жалпы элди ынтымакка чакырып, «мечит – Жараткан Алла Тааланын үйү. Мечитти урматтап, сыйлап, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз зарыл», – деп билдирди.

Ачылышка келген жалпы катышуучулар, айыл жаштары, аксакалдар жана коноктор мечит менен таанышып, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин сурап дуба кылышты.

“Боз үй формасында заманбап үлгүдө толук шарты менен курулган мечит Желденбай уулу Жылдызбектин балдарынын демөөрчүлүгү менен бүткөрүлдү”,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525