7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Колдору жана буттары жип менен байланган». Ноокенде эркек кишинин жансыз денеси табылды

662

Ноокенде арыктын ичинен жансыз кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында милицияга маалымат түшүп, анда Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кен-Сай айылына баруучу автоунаажол менен Бишкек-Ош автоунаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинен жашы болжол менен 35-40 чамасындагы азият улутундагы эркек кишинин каза болгон жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Бул маалымат Ноокен РИИБдине катталып, окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жектекчилиги чыгып, кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото таблицалар түзүлгөн.
Кароо жүргүзүү учурунда табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.
Өздүгү аныктала элек өлүктүн жансыз денесине соттук-медициналык, экспертизалар дайындалган.
Тергөө тарабынан өздүгүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар, багыттамалар берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663