«Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал, 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.
Кылмыш ишинин алкагында Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалды. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.
Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлдү.