«Эже, биздин балалыгыбыз эң жылуу сезимдер менен эсте калды. Сиздин мектепти мыкты бүтүп, дүйнө жүзүн кыдырып, мугалим болуу кыялыңызды менден жакшы эч ким билбейт. Бирок, кичинеңизде эле ата-энебиз бай тааныштарынын баласына кудалап койгонуна каршы чыга албай, макул болуп калдыңыз. Ошол убакта сиздин келечек кыялдарыңыз атам менен апамдын «Эл эмне дейт? Бизди уят кылып, жер караткың келип турабы?» деген сөзү тагдырыңызды чечип койду. Эжем макул болгондо, «жок дегенде, жолдошу жакшы чыгабы?» деп ойлогом. Анысы аялды адам санабаган неме экен. Деги эле, бир ишти жакшы кылбаган, анысын ачуусу менен жууган бузуку неме.
Үйгө келип, аялын аял дебей, баласын балам дебей сабаган зөөкүр. Биз сиздин үйгө качан барбайлы өңүңүз соолуп, күч кетип, арыктап, айтор, жашоонун кыйынчылыгын тартканыңызды көрөбүз. Апам ар дайыма «Кызым, күйөөңдүн сөзүнөн чыкпа, каяша сүйлөбө, сен аял кишисиң. Балдарың бактысы үчүн жаша» дейт. Эжемдин жүзүндө үмүт жок, гүлдөй соолуп калган. Жадыраган көздөрүңдөн мөлтүр жаш агып, токтоп калат. Ушул учурда апам сизди колдоп, бул зордук-зомбулуктан куткарганда, балким сиздин жашооңуз оңолот беле? Эми деле кеч эмес деп ойлойм. Эже, ар дайым башкалардын көңүлү деп жүрүп, өмүрүңүз өтүп баратат. Апам капа болот, атам уят болот деген менен алар сиз тарткан азапты баары бир көрүшкөн жок да! Алар сизди жакшы үй-бүлө, бай жерге жашаганыңызга маани беришет. Бирок сиздин бирөөнүн алдында басынып, таяк жеп, ыйлап жүргөн жашоо кантип жакшы болсун? Кайда барам, кимге батам деп сарсана болбоңуз. Колуңузда диплом бар эмес беле, ишке чыгыңыз, мен сизге жардам берүүгө даярмын» — деп сиңдиңиз Айганыш.