7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропорту заманбап форматта жаңыланууда

12

Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өкмөт башчысына аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Долбоор учуу коопсуздугун жогорулатууга, өлкөнүн транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиациядагы позициясын бекемдөөгө багытталган.

Масштабдуу реконструкциянын алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Бардык курулуш иштери аяктагандан кийин анын жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жетет.

Жаңы терминал аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртып, эл аралык стандарттарга жооп берген шарттарды түзөрү белгиленди.

Ошондой эле аэропорттун учуу-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, CAT III заманбап жарыктандыруу системасы орнотулган. Бул коюу туман жана көрүү чектелген учурда да учууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда жабык унаа токтотуучу жай жана аэропортко жаңы кирүүчү жол курулуп жатат. Мындан тышкары, унаа токтотуучу жай менен терминалды байланыштырган жабык жөө адамдар өтүүчү жол салынат.

Адылбек Касымалиев бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигинин учууга тыюу салынган авиакомпаниялар тизмесинен чыгуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

13