7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Aero Nomad Airlines Бишкек — Үрүмчү түз каттамын ачат

236

Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы Бишкек- Үрүмчү -Бишкек багыты боюнча жаңы түз эл аралык каттамды ишке киргизет. Алгачкы рейс 2026-жылдын 3-августуна пландалган.

Авиакомпаниядан билдиришкендей, жаңы каттам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук байланышты кеңейтүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана туризм менен маданий алакаларды чыңдоого багытталган.

Маалыматка ылайык, Үрүмчү Батыш Кытайдагы ири экономикалык, логистикалык жана соода борборлорунун бири болуп саналат. Жаңы аба каттамы ишкерлерге, туристтерге, студенттерге жана эки өлкөнүн ортосунда каттаган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу түз аба байланышын камсыздайт.

Каттамдар заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.

Жаңы багыттын ачылышына байланыштуу авиакомпания август-сентябрь айларындагы рейстерге атайын шарттарды сунуштоодо. Ага ылайык, жүргүнчүлөргө учактагы орундарды акысыз тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан тышкары, бардык тейлөө класстары үчүн жүктүн акысыз нормасы 40 килограммга чейин көбөйтүлүп, кол жүгүнүн салмагы 7 килограммга чейин уруксат берилет.

Компания бул кадам эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган стратегиянын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты Aero Nomad Airlines аркылуу, ошондой эле өлкөдөгү авиакассалардан жана агенттиктерден сатып алууга болот.

237