Өзгөндө кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-мартта милицияга 38 жаштагы Д.Х. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип 2007-жылкы өспүрүм кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.