7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автоунаа ээлери эски номерлерди сактап калууну суранышууда

3

Эски үлгүдөгү мамлекеттик номердик белгилердин ээлери Садыр Жапаровка кайрылып, аларды мындан ары да колдонуу укугун сактап калууну өтүнүштү.

Автоунаа ээлери акыркы өзгөртүүлөрдөн кийин эски үлгүдөгү номерлерди каттоо жана кайра каттоо мүмкүнчүлүгү чектелип, көпчүлүк жарандар көп жылдан бери мыйзамдуу пайдаланып келген номерлеринен ажырап калуу коркунучуна туш болгонун белгилешүүдө.

Кайрылууда номерлер материалдык баалуулук менен катар тарыхый жана жеке мааниге ээ экени айтылган. Ошондой эле кайрылуу ээлери эски номерлерди транспорт каражаттарын кайра каттоодо сактап калуу жана аларды ээсинин ИННине бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты. Алар бул демилге жарандардын укуктарын сактоого жана мамлекеттик бюджетке кошумча киреше алып келүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешкен.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!
«Биз, эски үлгүдөгү мамлекеттик номердик белгилердин ээлери, аларды мындан ары да колдонуу укугун сактап калуу маселесин карап берүүнү өтүнөбүз.

Акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу эски үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди транспорт каражаттарына каттоо жана кайра каттоо мүмкүнчүлүгү чектелип, натыйжада көптөгөн жарандар көп жылдан бери мыйзамдуу пайдаланып келген номерлеринен ажырап калуу коркунучуна туш болушууда.

Бул номерлер мыйзамдуу негизде колдонулуп келген. Биз мамлекеттик органдардын транспорт каражаттарын каттоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик номерлерди бирдиктүү стандартка келтирүү аракетин түшүнөбүз жана колдойбуз.

Ошол эле учурда жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алып, төмөнкү сунуштарды карап чыгууну өтүнөбүз:

Мамлекеттик бюджетке белгиленген төлөмдү төлөө менен, транспорт каражатын ар бир кийинки кайра каттоодо эски үлгүдөгү мамлекеттик номерди мурдагы ээсинде калтыруу укугун сактоо.
Белгиленген мамлекеттик төлөмдү төлөө шартында, сертификаты жок болсо да көп жылдан бери ушул номерлерди пайдаланып келген жарандарды кошкондо, эски үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди ээсинин ИННине бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.

Бул сунуштар мамлекет менен жарандардын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга, ак ниеттүү ээлердин укуктарын сактоого жана мамлекеттик бюджетке кошумча киреше булагын түзүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейбиз.

Сизди бул маселени адилеттүү чечип берет деп ишенебиз!

Урматтоо менен, эски үлгүдөгү мамлекеттик номердик белгилердин ээлери»,-деп жазылат билдирүүдө.

Жалпысынан 1895 кол чогулган.

4