УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2021-жылдын 22-декабрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт.
Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстандын жараны өзүнө тиешелүү болгон “КАМАЗ” үлгүсүндөгү автоунаасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат-Жаштык авто унаа жолунда кетип баратып, жолдун боюндагы арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда айдоочуга үч тажик аскер кызматкери келип автоунаасына отуруп Тажикистандын аймагын көздөй айдоону талап кылып айдатышкан. Айдоочу өзүнө көңүл бурдуруу максатында жолдон кетип бара жаткан башка автоунаанын жолун тосуп аны тажик аскер кызматкерлери кармап алгандыгы боюнча кыйкырып үлгүргөн.
Тажик чек арачылары ошол учурда унаадан түшүп кетип, айдоочу унааны айдап кеткен. Бирок алар унааны бет маңдай тарабына 3 жолу атышкан. Анын кесепетинен айдоочу терезенин сыныктарынан жеңил жаракат алган.
Тажик аскер кызматкерлери КАМАЗ автоунаасын көздөй 3 жолу ок чыгарып, октор дөңгөлөкө жана алдыңкы терезесине тийген. Тажик чек арачыларынын курал колдонгондугунун негизинде айдоочу айнектин сыныктарынан майда жаракат алат.
Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек багыты жана Тажикистандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Учурда кырдаалды жеринен тактоо максатында УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жеринде иш алып барып жатат.