Анын айтымында, «Центерранын» башкармалыгы менен көп маселелерди ачыкка чыгарбоо боюнча келишим түзүлгөн.

Ал белгилегендей, эртең саат 08.30да финалдык сүйлөшүүлөр болот.

“Кумтөрдө казылган алтындын бардыгы Кыргызстандын аймагында. Ошондой эле бул компаниядан 17-майдан бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 191 млн доллар киреше күтүп жатабыз. Декабрь айы компания үчүн жакшы айлардан болду, алар кен көп жерлерге жетти. Алар планды толук аткарып, алтын 14,5 тоннага жетет деп ишенем. Бирок, 100 же 200 килограммга артта калышыбыз мүмкүн, анткени канадалыктар компанияны таштап кетип, буга байланыштуу коопсуздук системасын калыбына келтирүү үчүн 2-3 жума керектелди”, — деди Акылбек Жапаров.