7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арзыбек Кожошев: Элди каттоо 2022-жылы өткөндүктөн даярдык иштерин жүргүзүү керек

1034

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2022-жылы Эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал алдыдагы калкты каттоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Калкты каттоо 10 жылда бир жолу өтөт. Белгилүү болгондой, калкты жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгы натыйжалуу демографиялык саясатты жана социалдык-экономикалык программаны иштеп чыгууга, эмгек миграциясынын абалын талдоого, социалдык объектилерди курууга муктаждыктарды баалоого мүмкүндүк берет. Калкты каттоодон өткөрүү мөөнөтү 2020-жылы коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу жылдырылган. Элди каттоо 2022-жылы өтөт. Республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны ийгиликтүү, сапаттуу жана өз учурунда өткөрүү үчүн тийиштүү даярдык иштерин жүргүзүү зарыл», — деди Арзыбек Кожошев.

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов республикада эл жана турак-жай фондун каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каттоого даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан негизги иштердин календарлык планы каралды, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн маалыматы угулду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Финансы министрлигине Улуттук статистикалык комитет менен макулдашуу боюнча 2022-жылга республикалык бюджеттен эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды максаттуу бөлүүнү кароосу тапшырылды.

Ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин калкты жана турак-жай фондусун каттоо өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1035