Токмокто уурлукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-декабрында Токмок шаарынын ИИБнө 1993-жылы туулган И.И. арыз менен кайрылып, Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, автоунаадан 8000 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.