Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Баткен облусундагы кырдаал боюнча айта кетсем, бүгүн тынч, бирок чыңалуу бар. 5 жерден бирдей биздин чек арага чабуул жасалып, анын төртөө аскердик объектилер болгон. Ал эми бирөөсү жашоочулар жашаган аймак. Самаркандекте 10 имарат зыян тартып, 4 жай тургун жаракат алышкан. Негизги өзгөчөлүгү биздин жарандык объектилерге кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу. Муну биз жаман кабыл алдык. Кайталана турган болсо, адекваттуу чараларды колдонобуз. Ал эми биз тараптан 2 аскер жаракат алды. Калгандары баары тынч. Эн негизги маселе провокация болгон. Алар алдын-ала даярданышкан. Алар алдын ала позициясын даярдашкан. Биз алдын ала жаман ойлоп, даярданып жүргөн жокпуз», — деди Ташиев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram