7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековго 1 млн сом айып салынды

194

Сот Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековду күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-апрелинде К.А.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

Эске салсак, УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, ал эми бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

«Мындан тышкары, акыркысы жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

195