7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик тарап кармап кеткен кыргыз жараны мекенине кайтарылды

618

Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык жаран кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ,  1-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65 жаштагы Ж.Айдаров тургунунун бир баш бодо малы өзүнүн короосунан бошонуп, Тажикстандын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Айдаров малды издеп барган учурда тажикстандык чек арачылар тарабынан кармалып, Исфара райондук милициясына өткөрүлгөн.

“Ошол учурда Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулуп, Айдаровду Тажикстандын жарандары ургандыгын айтышкан. Чогулган эл Тажикстандын Майский айылынын 1962-жылы туулган Камал Сабиров тургунун кармап алышкан. Андан соң, Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулган”, — деп айтылат маалыматта.

Эки тараптан тең жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөр жүрүп, Тажикстандын укук коргоо органдары кармалган Айдаровду Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ж.Айдаров Баткен шаарындагы ооруканасына жеткирилди, абалы орто оор экендиги айтылат.

Аталган факты Баткен райондук милициясы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, учурда абал туруктуу.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

619