7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн 14 жаранына тынчсызданууда

266

Тажикстандын тышкы иштер министри Кыргызстан аймагында кармалган Хатлон облусунун Жайхун районунун 14 жашоочусунун тагдыры оң жагына чечилеринен үмүт артууда.

Тажикстан жарандары 11-февралда Кара-Көл шаарында кармалышкан. Министр Сирожиддин Мухриддин билдиргендей, алар мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталышууда.

«Биз Кыргызстан бийлиги менен дайыма тил табышып келгенбиз жана өз жарандарыбыздын укугун коргойбуз. Бул маселе көзөмөлдө, маселе оң жагына чечилет деп үмүттөнөм», -деди министр.

Кара-Көл шаарынын соту 13-февралда Жайхун районунун 14 жашоочусун мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыптап, ар бирин 3 000 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирген. Тажик жарандары 11-февралда Лейлек районунда кармалышкан. Бишкекке автобус менен бараткан жарандарга кирпич заводунан жумуш сунушталган. Сот чечим чыгарар алдында тажикстандыктарды белгисиз кишилер алдап кетишкенин, алар пандемияга байланыштуу Кыргызстан аймагына уруксатсыз кирүүгө тыюу салынганын билбегенин эске алган. 2020-жылы апрелде Кыргызстан менен Тажикстан коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик чек араларында көзмөлдү күчөткөн

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267