23-февраль күнү кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек аймактан Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Лейлектин үч тургуну, өкмөт убада кылгандай эле эскертүү менен бошотулду. Ал эми, кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталган башка кыргыз жарандары, Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жарандардын мал мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылган.
Учурда облустун чек аралаш аймактарында, чек арадан өтүү эрежелери боюнча, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.
Белгилей кетсек учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет.