16- майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбор шаарында нааразылык акциясы болуп, бир жаран каза болгондугу айтылат. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 16-май күнү милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон.
Белгилей кетсек, 14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгышып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.