7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын агрессиясында жоголгон 17 паспорт ээлерине тапшырылды

602

Кыргыз-тажик чек ара чырында бир нече жарандын паспорт ж.б. документтери өрттөлүп, жоголуп кеткен. Ал эми аларга карата Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мааалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Ал эми бүгүн 18-майда, 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышты.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603