Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.
«Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз-тажик жаратмандык кызматташтыгы мындан ары да жалпы кызыкчылыктардын бардык тармактарында өз ара урматтоо, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде өнүгүп, кеңейе берерине ишеним билдирем», — деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.