9-11-класстардын окуучуларын «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, сынак Кыргызстандагы гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга багытталган. Укуктук сынак Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
Катышуу үчүн 3 окуучудан турган топ түзүү зарыл, үчөөнүн бири сөзсүз түрдө башка жыныстан болууга тийиш. Бир мектептен катышууну каалаган командалардын саны чектелбейт.
Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:
I орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.
II орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.
III орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.
Катышып, жеңип алуу үчүн:
1. Төмөнкү шилтеме аркылуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин өз командаңыздын атынан өтүнмө берүү: https://forms.gle/S9Ydp27uQuovvmEP6;
2. Команданын катышары тастыкталгандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, социалдык видеороликти даярдай баштоо;
3. Видеороликти 2021-жылдын 4-декабрына чейин сынактын уюштуруучуларына жөнөтүү;
4. Республикалык этапка өткөндөн кийин калыстар тобунун алдында сынакка даярдануу жана сынкка катышуу максаттары тууралуу презентация жасоо зарыл.
Көз карандысыз калыстар үч жеңүүчү команданы аныктайт.
Бул сынак аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өтүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат.
Белгилей кетсек, Кырызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны туруктуу өсүүдө. «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» республикалык сынагы Кыргызстанда гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга багытталган.
Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.