7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Светтин баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз

705

«Министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер”,- деп жазды президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

( Текст өзгөртүүсүз берилет)

Урматтуу Кыргызстандыктар.
Бизде өлкө боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, жөлөк пул алып жашаган 110 518 үй бүлө бар. Балким, мындан да көп болушу мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен энергетика министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир жолу тактап чыгуу боюнча тапшырма берилди. Өкмөт тараптан аларга 1-январдан баштап, светтин баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз. Бул кадам аларга өкмөт тарабынан социалдык жактан жардам берүү болуп саналат. Азыр эми эл арасында сөз болуп жатат: «Алардын арасына колунда бар байлар деле кирип алышат, коррупция болот»,- деген сыяктуу.

Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер.

Ал эми катталып алгандардын арасында бай адамдар болсо канча электроэнергия колдонсоң, ошону миңдеген эселеп мамлекетке кайтарып бересиңер. Бул жагын көзөмөлдөгөнгө мамлекеттин күчү жетет. Ар бир үй каттоого алынып, ММКларга жарыяланат. Даректер жарыяланганда кимдин үйү экени кошуналары аркылуу эле ачыкка чыгып калат. Ушинтип тез эле ирээтке келтиребиз. Эч кам санабагыла.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706