7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Телефондун айынан 2-кабаттан секирген кыздын мугалими үн катты

1569

Буга чейин телефондун айынан окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирген окуя тууралуу Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришкен.

Окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

«Турмуш» басылмасы окуя №14 Сатыбалды Давлетов атындагы мектеп-лицейинде 10-октябрь күнү саат 18:00 чамасында болгонун жазып чыкты.

«Кыздардын колундагы телефонун байкап калып, алып койгом. Кыздар кечигип киргени үчүн аларга катуу да сүйлөгөн эмесмин. Сабак жазышып, жакшы эле отурушкан. Бул окуя сабактын экинчи бөлүгүндө болуп кетти. Мен балдарга теманы түшүндүрүп берип, эми эле бурулайын деп жатканда тездик менен болуп кетти. Кыздын колун эле көрүп калдым. 30 секундга жетпеген убакытта эле чуркап чыктым. Кыз жерде жатыптыр. Ошол жердеги күзөтчү, мугалимдер келди. Ошол жерде отургучта отурдук. Ал учурда кыз эс-учун жоготкон жок. Дароо Тез жардам чакырылды», — деген мугалими Элиза Сатарова.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1570