7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тентишев Сокулуктагы 16 жашар кыздын зордукталышы боюнча комментарий берди

1766

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев Сокулук районунун Исмаил айылында өспүрүм кыздын зордукталышы тууралуу окуяга комментарий берди.

“Сокулук районунун Исмаил айылында болгон окуя менин жеке көзөмөлүмдө турат. Кылмышка шектүү жаран эки айга камакка алынды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисине окуяны дыкат иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди. Шектүүнүн күнөөсү далилденсе, эң катуу жаза берилиши керек. Мен Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургундарын сабырдуулука чакырам. Бардык нерсе мыйзам чегинен чыкпашы керек”, — деп жазган облус башчысы.

Белгилей кетсек, жабыркаган кыз Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну, ал эми зордуктоого шектүү жаран коңшулаш Исмаил айылынын тургуну болгон.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунун ИИБне белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран 2 айга СИЗО-1ге киргизилди.

Сокулук районундагы Исмаил айылынын тургундары өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүн көчүрүү талабын коюшту. Аксакалдар соту шектүү жарандын үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүүгө үч күн убакыт берүү чечимин кабыл алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1767