7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тергөөчү кармалды. Ал 100 миң сом параны бут кийимге жашырууга үлгүргөн

1256

Бишкекте Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опузалап пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1257