7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тигүүчүлөр менен маркетплейстердин маселеси боюнча Касымалиев үн катты

207

Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлдү. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев билдирди.

Мурдараак социалдык тармактарда Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган.

РФтин мамлекеттик органдары муну көмүскө импортко каршы күрөшүү максатында чек арадагы көзөмөл чаралардын бири экенин айтышкан. Министрлер кабинетинин төрагасы «Ала-Тоо 24» каналына маек курду.

Анын айтымында, Россия тыштан келген товарларды текшерүүнү күчөттү жана ага түшүнүү менен кароо керек. Мындан улам Казакстан менен РФтин чек арасында унаалар топтолуп калган көрүнүш бар.

«Жерине Экономика министрлигинен делегация жөнөтүлүп, чек арадагы абалды көрүп келишти. Ошондой эле министрликте штаб түзүлүп, ар бир фактыны бизге жеткирүүдө. Биз россиялыктар менен байланышып, маселени чечип жатабыз», — деди Касымалиев.

Ал бирдиктүү оператор түзүү каралып жатканын, ал аркылуу бизден барган товарларды өткөрүү жеңил болорун белгиледи. Мындан тышкары, Ozon менен Wildberries маркетплейстеринде кошумча нарк салыгы киргизилгенин айтты. «Акчаны ким төлөйт деген маселе болгон.

Алар (маркетплейстер) салык агенти болууга даяр. Каражатты өздөрү төлөп, товарды сатып алгандарга суммасы кошулуп берилет. Бул маселе «Озондо» чечилди, ал эми «Вайлдберризде» эми чечилет», — деди өкмөт башчы. Касымалиев президент тигүү тармагын колдоого тапшырма бергенин, өкмөт жеңилдиктерди карап жатканын кошумчалады.

208