7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ башчысынын орун басары Имангазиев Пакистандын элчиси менен жолукту

397

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистан Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошону менен бирге, тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын элчисин кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенине ишендирди.

398