7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Ирандан 28 кыргызстандык эвакуацияланды

263

Ирандан 28 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду.

Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 28 жараны Иран менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин «Астара» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү кесип өттү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирет.

Учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.

264