7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Непалга барбай туруңуздар!

253

Непалдын айрым аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Катмандуда өтүп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Кыргыстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын, ошондой эле Непалда убактылуу жүргөн туристтерди жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында эл көп чогулган жерлерге барбоого жана ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырат.

Ведомство ошондой эле Непалга сапар пландап жаткан жарандарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алууну жана зарыл болбогон учурда сапарды убактылуу жылдырууну сунуштайт.

Непалдын аймагында жүргөн кыргыз жарандары консулдук жана шашылыш байланыш маселелери боюнча «түз линияларына» кайрыла алат: КР ТИМдин Консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги +91 92894 00944 (WhatsApp).

254