7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тирүү калам деп ойлогон эмесмин…» Эверестке аттанган Рысгүл Акимжанова артка кайтты

232

Эверестке аттанган ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова орто жолдон кайра артка кайтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, чокуга чыгууга камынган ар бир кишиге 6 даана баллон кычкылтеги берилген. Бирок ага бул өлчөмдөгү кычкылтек жетпей калып, так орто жолдон, 8400 метр бийиктиктен артка кайткан.

Базада тургандар аба ырайын, ар бир альпинисттин кыймыл-аракетин, ал-акыбалын көзөмөлдөп турушат. Жарым жолдон мени кайра кайтарышты, анткени ашыкча кислород албагандыктан, мендеги кислород менен чокуга жетишин жетип алып, кайра түшкөнгө кислород калбай калмак. Ага чейин 3 күн бою ашказан тамак кабыл албай туруп алды. 4-базада ашказан бош болсо деле кусуп туруп алды. Буга байланыштуу кислородду 2-2,4 эмес, энтигип жатып 3 шкала менен колдоно баштадым. Штурм болгондо 3 шкала менен кеттим. 3 шкала менен чокуга жетмекмин, бирок базадагылар караманча каршы туруп алышты”, — деди ал.

Рысгүл Акимжановага базада турган адистер чокудан түшө бериште аба ырайы бузуларын, 4-базага жеткен менен, андан ылдый түшө албай турганын айтышкан.

Белгилүү альпинист Владимир Котляр «ашыкча кислород алып ал» деп кеңеш берген, бирок «6 баллон жетет» деп өзүмө ишенип алганыма абдан өкүндүм. Кислород жок тоодо ар бир дем алганыңды эсептеп, карап, контролдоп турасың. Ашыкча дем алсаң, анда кислороддун чыгашасын карап турасың. Ошентип ашказандын айынан бир баллон кислород пландан тышкары ашыкча колдонулуп кетип, аным жалпы жыйынтыкка таасирин берди. Бирок, чыныгы тозок 4-базага кайтканда болду. Эмне үчүн «чокудан эмес, 4-базадан ылдый түшкөн маанилүү» деп титирешкенин ошол жерде көрдүм. Өмүр үчүн күрөштүм. Ошол түнү мен тирүү калам деп ойлогон эмесмин… Азыр да эстесем денем дүркүрөйт. Бир түндө бир нече өлүм көрдүм, кечээ жаныңда отурган киши эртең менен тирүү эмес… Дагы жакшы мен алардын арасында эмесмин. Ошентип, жашоомдогу бир айлык кызыктуу окуя бүттү”, — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Рысгүл Акимжанова Кыргызстандагы бир катар чокуларды багындырган. Быйыл апрель айында ал Гималай тоо кыркасындагы 5650 метр бийиктиктеги Кала-Патхар чокусуна чыккан.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Рысгүл Акимжанова (@rysgul.akimzhanova.baielhan)

233